Ак үй Кремл аскерлерин чыгарбай эле, тескерисинче, кайра Украинанын чек арасында кубаттуулугун арттырып жатканын билдирди.
Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу чыңалуу күчөп, Орусиянын кошунасына кол салуу коркунучу жоюлбай турганын белгилешти.
АКШ орусиялык аскерлер азайбай эле көбөйүп жатканын байкады
АКШ менен НАТО 17-февралда буга чейин айткан билдирүүсүнө карабастан Орусиянын Украина менен чектешкен аймактардан аскерлерин чыгарып кетүүсү байкала электигин жарыялашты.
Буга байланыштуу Орусиянын кошунасына кол салуу коркунучу сакталып калганы белгиленди. Вашингтон Москванын аскерлерин чыгарганы жалган экенин айтып, тескерисинче, Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган аскерлердин саны буга чейинкиге салыштырганда кайра жети миңге көбөйгөнүн бышыктады. Анын айрымдары чек ара тилкесине 16-февралда алынып келингени кабарланды.
АКШ Мамдепартаментинин расмий өкүлү Нед Прайс Орусия кол салууга шылтоо гана таппай турганын билдирди:
"Чындыгында, биз бардыгы тескерисинче болуп жатканын байкадык. Соңку жумаларда, атүгүл акыркы күндөрү чек арада орусиялык күчтөр азайбай эле, тескерисинче көбөйүп, алар күжүрмөн позицияларга жылып жатышат. Бул терең тынчсызданууну жаратууда. Ошол эле учурда соңку жумаларда орусиялык расмий адамдар басып кирүүгө шылтоо болчу маалыматтарды басма сөзгө таратып жатканын көрдүк. Бул нерсе каалаган убакта башталып кетишине тынчсызданып жатабыз. Дүйнө буга даяр болушу керек", - деди Нед Прайс.
АКШ Орусия кайсы гана учур болбосун, Украинага кол салуусун актоо үчүн ар кандай чагымды жасалма шылтоо катары колдонушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт. Батышты катуу түйшөлтүп жаткан бул маселе 17-февралда Брюсселде Түндүк Атлантикалык Альянстын коргоо министрлеринин жолугушуусунда талкууланды.
Дагы караңыз Украина-Орусия: Киев Москванын жарыясынан күмөн санадыСтолтенберг: эки жүздүү саясаттын эпкини
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Москванын айтканы менен кылганы дал келбей жатканын билдирди:
"Биз орусиялык аскер күчтөрүнүн чыгып кетип жатканын көргөн жокпуз. Албетте, бул дипломатиялык аракеттер тууралуу билдирүүгө каршы келет. Демек, Орусия аскерлерин чын эле чыгарып кетеби же жокпу, азырынча белгисиз. Биз Орусия Украинанын айланасындагы аракеттерине өтө кылдат көз салуудабыз. Биз азыр алар аскерлеринин санын көбөйткөнүн жана дагы көп аскер жолдо баратканын гана көрүп байкап жатабыз. Демек, азырынча абал жумшара элек".
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Германиянын канцлери Олаф Шольцтун Москвага сапары башталганда Украина менен чектеш аймактардагы жана аннексияланган Крымдагы аскердик машыгууга катышкан аскерлердин бир бөлүгү туруктуу жайгашкан базаларына кайтып жатканын билдирген. Шольц менен Путин жолугушууда муну чыңалууну жумшартуучу жагымдуу белги катары белгилешкен болчу.
Дагы караңыз "Европадагы тынчтыкка коркунуч жаралып жатат"Захарова: басып кирүүнү далилдей турган фактылар жок
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШ Мамдепартаментинин дооматын четке какты:
"Биринчиден, кандайдыр бир баскынчылык тууралуу айтууга эч кандай фактылар жок. Экинчиден, бул боюнча Батыш маалымат каражаттарынын жазгандары жалган. Кантип эле ушундай болсун? Бизди душмандашкан өлкөлөр деп жарыялашып, ал эки мамлекет Европадагы чоң согуштун босогосунда турат деп аташууда. Ал эми биздин эки өлкөнүн өз ара мамилелери жакшы болбогону менен, биз эки тарап тең бир эле учурда муну четке какканбыз".
АКШ менен НАТО Москванын билдирүүсүнө ишенбейт жана иш жүзүндө анын аракеттери ага туура келбестигин белгилейт. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Путин каалаган учурда милтени тартууга даяр экенин айтып, Орусиянын чек ара аймактарынан аскерлерин чыгарып жатканын четке какты.
Орусия 130 миңдей аскери менен оор техникасын Украинага жакын аймактарына жана аннексияланган Крымга жайгаштырып, биргелешкен машыгуу деген негиз менен Беларустун аймагына да аскер киргизген.
Москва Батыштан НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүн токтотуп, Украина менен Грузияны Альянска мүчөлүккө кабыл алуудан баш тартууга байланышкан коопсуздук кепилдигин талап кылууда.
АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү Орусиянын мындай өктөм талабы кабыл алынгыс экенин белгилеп, бирок ошол эле кезде чыңалууну дипломатиялык жол менен жөнгө салууну сунуштаган.