Коронавирустан эки киши каза болуп, 39 адамдан жаңы аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (17-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 39 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 19 киши.

  • Ош облусу - 1
  • Чүй облусу – 7
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Баткен облусу - 3

Ош шаары, Нарын, Талас облустарында вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2937 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушу тапта 353 бейтап ооруканада, 1754 адам үйүндө дарыланып жатат.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Тайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдөБекешев курулуштардын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштадыХаннс Зайдел фонду Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарга басымга нааразылыгын билдирдиУкраиналык ырчы Eurovision сынагына катышуудан баш тартты