Кыргызстанда 20 жылдан бери иш алып барган Германиянын Ханнс Зайдел фонду өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдарга карата басымдарга жана айыптоочу риторикаларга нааразылыгын билдирди. Мекеменин билдирүүсү фонддун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майердин атынан таратылды.
Кайрылууда уюм ачылгандан бери Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү, кадрларды даярдоо, экологияны сактоо жана башка багыттарга салым кошконун, ага карабай бийлик өкүлдөрү жана коомчулук тараптан сын-пикирлерге кабылып жатышканына түшүнбөй жатканы жазылган.
“20 жыл бою кээ бир жагдайларда нааразы болсок дагы, ар дайым жүзүңүздөргө жылмайып, ал нааразычылыгыбызды көрсөтпөгөнгө аракет кылып келдик. Өткөн жылы кыргыз мамлекети улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын ишин оорлотуучу шарттарды түзсө дагы, нааразычылыгыбызды көрсөтпөй, жүзүбүздөн жылмаюуну кетирбегенге аракет кылдык. Албетте, биз дагы адамбыз. Ошондуктан ар кандай эмоциялар бизде дагы болот. Биз 20 жыл бою ушунча аракет кылсак дагы, Кыргызстандан мындай жоопту күткөн эмеспиз. Мындай жооп бизди өтө капа кылды. Акыры кандай жооп алдык: Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова бизге окшогон уюмдарга чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштап, “биз аларга чет элдик агент деген макам бермейинче, республикада тынчтык болбойт” деген катуу аргументти карманып келет. Чынын айтсам, бул мамиле жеке мени жана биздин уюмду каралап, жүрөгүбүздү терең жаралады. Анан мен өзүмө «кыргыз элинин ыраазычылык айтуусунун жолу ушундайбы» деп суроо койдум”,-деп айтылат Макс Георг Майердин катында.
Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова 10-февралда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштаган. Ал мындай демилгени мурдагы чакырылышта да айтканын белгилеп, аны кайра карап чыгуу керектигин билдирген.
2021-жылы июлда президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзам долбооруна кол койгон. Анда мамлекеттик эмес уюмдарды жыл сайын Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу отчёт берүүгө милдеттендирген жобо каралган. Документ жарандык коомдун сынына кабылган.
Бейөкмөт уюмдар мыйзам алардын эркин ишмердик жүргүзүшүнө каршы багытталганын белгилешүүдө. Эл аралык коомчулук дагы тынчсыздануусун билдирип чыккан.
2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда да Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети болуп, ишке ашкан эмес. (ErN)