Орус Коргоо министрлиги Крымдагы аскерлер артка кайтканын билдирди

Орусиянын артиллериялык куралы.

Орусиянын Түштүк аскердик округунун аскердик бөлүктөрү Крымдагы полигондордогу машыгууларын аяктап, артка кетти. Бул тууралуу 16-февралда "Интерфакс" маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен кабарлады.

Басылма аскердик техникалар, анын ичинде танктар жана артиллериялык аткычтар темир жол аркылуу өздөрүнүн туруктуу жайларына кайтып бараткан видеосун да жарыялады. Министрлик кабарлагандай, аскерлер Крым көпүрөсү аркылуу Керч кысыгынан өтүп кетти.

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-февралда да Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскерлердин артка тартылышы байкала электигин билдиришкен.

АКШнын президенти Жо Байден орус аскерлеринин украин жергесине чабуулу дале мүмкүн экенин, алардын айрым бөлүктөрүнүн артка тартылышы азырынча ырастала электигин маалымдады. Байден украин-орус чек арасына жакын аймакта Орусиянын аскерлери мурдагыдан көбөйүп, 150 миңге жеткенин айтты.

Conflict Intelligence Team (CIT) иликтөөчүлөр тобу спутниктен алынган маалыматтарга таянуу менен тескерисинче Крымда Орусиянын аскерлери көбөйгөнүн билдирип жатат. (ErN)

Дагы караңыз

Түркмөнстан: мурдагы саясий туткун шайлоого катышарын жарыялады Киши колдуу болгон милиционердин жакындары нааразылык билдирүүдө Прокуратура “Крым.Реалии” сайтынын кабарчысына 11 жыл сурады