Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Киши колдуу болгон милиционердин жакындары нааразылык билдирүүдө


Алай районунда киши колдуу болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун туугандары соттун чечимине нааразылык билдирүүдө. Алар бүгүн, 16-февралда Ошто маалымат жыйын куруп, шектүү катары кармалган үч жарандын экөө гана соттолуп, үчүнчүсү эркиндикте жүргөндүгүн айтышты. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, күнөлүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууга жардам берүүнү суранышты.

“Тергөө жүрүп жаткан учурда биз уулумду жерге берип кайгырып жүргөнбүз. Ошол мезгилде тергөө иштери жакшы жүргөн эмес. Далил катары темир, таш, жүгөн алынган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, балам темир тийгенден кийин каза болуптур. Бирок шектүүлөр көрсөтмө бергенде жүгөн менен урганда өлгөн дешкен. Көп фактылар бири-бирине дал келбей жатат. Үчүнчү Эрназар аттуу шектүү жазаланышы керек”, - дейт маркумдун атасы Ибрагимжан Эркулов.

Маркумдун жакындары сот чечимин "жеңил жана адилетсиз" деп эсептейт. Ишти тергеген тергөөчүнүн аракетине да ынанбаганын, чечимге каршы жакында Ош облустук сотуна кайрыла турганын билдиришти.

Милиция иш сотко өтүп кеткен деген жүйө менен нааразы тараптын айткандарына комментарий берген жок.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы айыпталуучулар Илгиз Черикчиев менен Бектурсун Алимжан уулуна карата сот чечими 14-февралда чыкканын маалымдады:

“Аты аталган эки жаран тергөөдө коюлган берене боюнча, тактап айтканда Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылдан эркинен ажыратылган”.

Айыпталгандардын биринин адвокаты маалымат берүүдөн баш тартты.

Алай районунда участкалык милиционер болуп иштеген 32 жаштагы Нурланбек Эркуловдун сөөгү 2021-жылдын 28-январында табылган. Анын киши колдуу болгону аныкталып, кылмыш иши козголгон. (AAb)

XS
SM
MD
LG