Түркмөнстандын Демократиялык партиясы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердарды өлкөдөгү негизги саясий кызматка талапкер кылып көрсөттү. Мындай чечим партиянын 14-февралдагы курултайында кабыл алынды. Андан бир нече саат мурда Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлерден арыздарды кабыл алууну ачык деп жарыялаган.
11-февралда Түркмөнстанды дээрлик 15 жылдан бери башкарып келе жаткан, 64 жаштагы авторитардык лидер Гурбангулы Бердымухамедов “жаш лидерлерге жол берүү ниети" бар экенин айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Аны улай 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоону 12-мартка белгилеген.
Байкоочулар түркмөн президенти бийликти 40 жаштагы уулуна өткөрүп берүүнү көздөп турганын айтып жатышат.
Соңку жылдары Сердардын саясий карьерасы тездик менен өстү. Былтыр жайында атасы аны экономикалык, банк маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындаган.
Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат.
Дагы караңыз
Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштететАкылбек Жапаров журналисттердин кармалышы боюнча пикирин айттыЕпископ Даниил президент Садыр Жапаровго көрүстөндөрдүн абалы боюнча кайрылды Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү кармалдыАкылбек Жапаров Кумтөр ишине Акаевдин туугандарынын тиешеси болгонун айтты