Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштетет


Жетим тоо кыркалары.
Жетим тоо кыркалары.

Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштете турганын бүгүн, 15-февралда маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканын айтты.

"Жетим-Тоо ачылганда темир бар экен деп белги коюп кете беришкен. Эч качан геологиялык-изилдөө иштери жүргөн эмес. Азыр "Улуу көчмөндөр мурасы" изилдеп чыгат. Жер казынасын пайдаланууда беш жылдык убакыт керек. Баарын бүтүрсө заводду 1-2 жылда куруп коюп темир чыгара берсе болот. Бирок азыр анын запасын билишибиз керек. Союз убагындагы эле маалыматтар менен жүргөнбүз. Азыр бул 100% кыргыз элине иштей турган нерсе. Ошондуктан чыр-чатагы жок иштей беребиз", - деди Жапаров.

Буга чейин коомдук-саясий чөйрөдө "Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытай мамлекетине берет экен" деген күдүк кептер айтылып келген. Кыргыз өкмөтү бул сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Геологиялык чалгындоолордун жыйынтыктарына таянсак, Нарын облусунун Нарын районундагы Жетим-Тоо кыркаларындагы кен союз учурунда, 1956-жылы ачылган. Жалпысынан алганда, кен үстүртөн гана изилденген. Алгачкы изилдөөлөрдө анда С2 категориясындагы темир рудасынын 5,5 млрд. тонна (1,74 млрд. тоннасы темир) запасы аныкталган. Бирок кийин, 1980-жылкы изилдөөлөрдө таза темирдин көлөмү тоодо 10 млрд. тоннадай экени болжолдонгон.

Бала-Чычкан темир кени Талас районунда, Талас тоосунун этегинде, Бала-Чычкан суусунун сол капталында, деңиз деңгээлинен 2000–3000 метр бийиктикте. Кен 1967-жылы ачылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG