Акылбек Жапаров Кумтөр ишине Акаевдин туугандарынын тиешеси болгонун айтты

Аскар Акаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кени боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Центерранын" акциясын 44,3 млн. долларга сатып кеткен фактыга мурдагы президент Аскар Акаевдин туугандарынын тиешеси бар экени аныкталганын билдирди.

"2003-жылы "Центерра" компаниясы түзүлгөндө австралиялык бир компания акцияларды алып, ошону 44,3 млн. долларга сатып кеткен. Ошонун аягы биринчи президенттин (Аскар Акаев - ред) туугандарына келип такалган. Аны 2012-2013-жылы Башкы прокуратура дагы териштирип далилдеп берген. Аялынын жакын туугандары качып жүргөн экен, алар дагы тастыктады. Кимиси күнөөлүү, күнөөлүү эмес экенин сот улам чечим чыгарып берип жатат. Эгер Кумтөрдү кыргыз элине алып бергенде президенттердин тагдыры мынчалык кейиштүү болмок эмес", - деди өкмөт башчы.

Акылбек Жапаров Аскар Акаев өзү келип, муну мойнуна алып, коррупциялык элементтер болгонун айтканы үчүн азыр "Центерра" менен сүйлөшүүлөр жылып жатканын белгиледи.

"Мени үчүнчү ирет президенттер суранып жатат. Мен аягына чыгара алам. "Кумтөрдөгү" механизмдерди, тагдырын билем. Буга чейин "алтынды көрсө периште дагы адашыптыр" деп президенттер адашып жүргөн. Аларды туурап "крыша" болуп келишкен, азыр аны Камчыбек Ташиев жойгондуктан бюджетке 31 млрд. сом ашыкча түшүп жатат", - деди ал.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 14-декабрда "Кумтөр иши" боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген. Кыргызстанга келип кеткенден кийин Аскар Акаев Орусиянын "Московский комсомолец" басылмасына берген маегинде, ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" айткан болчу.

Бирок, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Быйыл 2-августта Аскар Акаев 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Орусияда башкалкалап келет.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” интернет басылмасына курган маегинде Кумтөр алтын кени жазга чейин Кыргызстанга өтөөрүн билдирген. Жапаров бул маселеде Аскар Акаевдин берген көрсөтмөлөрүнүн пайдасы тийгенин айткан. (КЕ)

Дагы караңыз

Жапаров Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун маршрутун атадыТажикстандын жараны пара берүүгө шек саналып кармалды Жапаров: Кумтөрдүн алтыны сыртка чыккан жокЖогорку соттун төрагасы: Сын-пикирлер бизге аба менен суудай керек