Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

Жогорку соттун төрагасы: Сын-пикирлер бизге аба менен суудай керек


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда сот бийлигине айтылган сын-дооматтар негиздүү экенин айтты. Бул тууралуу ал 15-февралда Жогорку Кеңеште адам укуктары менен сөз эркиндиги маселеси талкууланган жыйында билдирди. Базарбеков көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамдык актыларды өзгөртүү керектигин, тиешелүү жумуштар башталганын кошумчалады.

“Негиздүү сын-пикирлер бизге аба менен суудай керек. Биз ушуга муктаж болуп жатабыз. Мен жеке өзүм да муктажмын. Коюлган маселелер боюнча Жогорку сотто карап бир жыйынтыкка келебиз”.

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын демилгеси менен 15-февралда парламентте Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу тууралуу тегерек үстөл өтүп жатат. Жыйында өлкөдө акыркы кездерде журналисттерге кысым болуп, жарандык активисттерге куугунтук башталганы айтылды.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакирова 2-февралда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна президент Садыр Жапарвдун мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган.

Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги каралып жатканда ал оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтошу керектигин билдирген. Сот системасы Кыргызстанда коомчулуктун эң көп сынына кабылган бийлик бутактарынын бири. (BTo)

XS
SM
MD
LG