Тажикстандын жараны пара берүүгө шек саналып кармалды

Шектүүнүн паспорту.

Тажикстандын жараны Кыргызстанда кызмат адамына пара берген деген шек менен кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, ал (“Ч.М.”) өлкөдө эч кандай уруксат кагазы жок иштеп жүргөнү аныкталган.

Шектүү 2019-жылдын 6-июлунан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн.

Бул фактыга байланыштуу шектүү (“Ч.М.”) тиешелүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 9-февралда УКМКга чакырылган. Суракта ал “Мега Центр” соода борборунда эч кандай уруксат кагаздары жок иштеп жатканын айтып, сыртка чыгарып салбоону суранып, пара катары кызмат адамына акча сунуштаган.

10-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 11-февралда УКМК “Ч.М.” кызмат адамына сунуштаган акчанын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармаган.

“Миграция жөнүндө” мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жаранды тартуу үчүн иш берүүчүдө Миграция кызматы тарабынан берилген квотага ылайык чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурууга уруксаты болушу керек. Анын негизинде чет өлкөлүк жаран “жумушка уруксат” алышы зарыл. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку соттун төрагасы: Сын-пикирлер бизге аба менен суудай керекАкылбек Жапаров Кумтөр 220 млн. доллар киреше бергенин билдирдиИсмаил Исаков журналисттер кысымга кабылып жатканын айттыЖалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт адам дайынсыз болууда