Тогуз-Торо: Кар көчкү түшкөн жерде үч адам дайынсыз болууда

Окуя болгон жер.

Жалал-Абад облусунда жолго кар көчкү түшүп, үч адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн 14-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдик автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.

Окуя болгон жер.

“Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган, кырсык болгон жерде үч адам дайынсыз болууда.

Издөө жана карды тазалоо иштерине жалпысынан 60ка жакын адам катышууда.

Дагы караңыз

Жээнбековдун жардамчысынын иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болдуРавшан Жээнбековдун жардамчысынын иши сотко жеттиБишкекте адам укуктарынын сакталышы талкууланат