Таза суу көйгөйү элди нааразылыкка чыгарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына 32 миллион сомго тартылган таза суу түтүктөрү кыш келгени тоңуп, чыкпай калууда. Жергиликтүү тургундар муну айылга суу тартып келген компаниянын ишти жакшы аткарбаганы менен байланыштырып, нааразы. Компания болсо маселенин чоо-жайын башкача түшүндүрүүдө.