Өзбекстанда ооруканадагы жарылуудан 56 жаштагы кыргызстандык аял каза болгонун 14-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке дарылоо-дарт аныктоо борборунда болгон газ-аба аралашмасы жарылган.
Өзбекстандын Жазык кодексинин 257-беренесинин (“Эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу”) негизинде иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жеке клиникадагы жарылуудан кеминде бир бейтап каза болгонун, ал 56 жаштагы аял экенин, жарандыгы аныкталып жатканын буга чейин кабарлаган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кырсыктан жабыркагандардын саны бүгүнкү күндө 11ге жетти. (RK)
Дагы караңыз
15-февралдын аба ырайыТез жардам ооруканасына кайра жаңы жетекчи дайындалдыЖээнбековдун жардамчысынын иши сотко өттүКубан Казаков пробация департаментинин директору болуп дайындалды