15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -2…-7;
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -2…-7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус суук болот.
Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -2…-4 градус болот.