Орусиянын Мытищи шаарындагы мектепте эки окуучунун ортосунда чыр чыгып, бири экинчисин бычак менен жарадар кылган. Жараат алган өспүрүм Кыргызстандын жараны экенин Москвадагы элчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, ал 14 жашта. Өспүрүмдүн апасынын айтымында, анын өмүрүнө коркунуч жок.
Учурда Москва облусунун укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.
Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар.
Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (КЕ)
Дагы караңыз
15-февралдын аба ырайыТез жардам ооруканасына кайра жаңы жетекчи дайындалдыЖээнбековдун жардамчысынын иши сотко өттүКубан Казаков пробация департаментинин директору болуп дайындалдыЭкс-министр Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү