Адамдын иммундук таңсыктык вирусун (ВИЧ) биринчи болуп аныктаган франциялык вирусолог, Нобел сыйлыгынын ээси Люк Монтанье 89 жашында Париждеги ооруканада көз жумду.
1983-жылы окумуштуу профессор Франсуаз Барр-Синусси менен бирге ВИЧти ачкан. 2008-жылы аларга бул ачылыш үчүн медицина жана физиология тармагында Нобел сыйлыгы ыйгарылган.
Монтанье күчтүү иммунитет "бир нече жумада" ВИЧти өз алдынча жеңе алат, аутизмге бактериялар алып келет, аны антибиотик менен дарыласа болот" деген сөздөрү үчүн илим чөйрөсүндө катуу сынга кабылып келгени бар.
COVID-19 пандемиясы маалында окумуштуу эмдөө кооптуу деп каршы чыккан.
1983-жылы америкалык илимпоз Роберт Галло дагы ВИЧти өзүнчө ачкан.
Дагы караңыз
АКШ өз жарандарына Украинадан мүмкүн болушунча тез чыгып кетүүгө кеңеш бердиОрусия мигранттардын ишин абактагы жарандарына бергиси келетСот реформасын колдоо боюнча "Укук булагы" долбоору иштеп баштады