Сот реформасын колдоо боюнча "Укук булагы" долбоору иштеп баштады

Иллюстрация сүрөт.

Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттиктин (ЮСАИД) колдоосу менен Кыргызстанда сот реформасына багытталган “Укук булагы” долбоору башталды. Анын максаты - өлкөдө соттордун ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана коррупцияны азайтуу.

Жаңы долбоордун ачылышына 11-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон катышты. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылга чейин уланып, ага ЮСАИД тарабынан 9 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктун сынына кабылган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Путин: Москва Январь окуяларында Казакстанга "тирек-таяныч" болдуКыргызстанга кирүүдө эмдөөдөн өткөн жарандар ПЧР–тест тапшырбайтОшто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду