Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жарандардан 11-февралдан тарта Кыргызстанга киргенде ПЧР-тесттин анализинин жыйынтыгы талап кылынбайт.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы мындай чечим 10-февралда өкмөттө коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын кеңешмесинде кабыл алынганын билдирди.
Мындан ары Кыргызстанга кирген учурда жарандар ПЧР-тест тууралуу маалымдаманы, же эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты көрсөтүшү керек.
Кыргызстан былтыр 1-декабрда өлкөгө киргендердин бардыгын эмделгенине карабай ПЧР-тесттен өтүүгө милдеттендирген. Мындай чектөөлөр коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу киргизилген.
Өлкөдө 11-февралга карата пандемия башталгандан бери коронавирустан 2920 адам каза болуп, вирус 199 миңден ашык кишиге жукту. (BTo)
Дагы караңыз
Башкы прокуратура: Мадумаров күбө катары эле өтүп жататБишкек мэриясынын эки кызматкеринин иши сотко жөнөтүлдүБелгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болдуОшто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болдуCOVID-19: үч адам каза болуп, вирус 69 кишиден аныкталдыАктивист Мирлан Ураимов эки айга камалдыТажикстанда ооган качкындары үчүн лагер курулат