Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:18

Активист Мирлан Ураимов эки айга камалды


Мирлан Ураимов
Мирлан Ураимов

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Мындай чечимди 10-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев "Азаттыкка" билдирди.

10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында Ураимовдун бошотулушун талап кылган акция өткөн.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалган.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири.

XS
SM
MD
LG