Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айылында 100 батирлүү социалдык турак жайлардын курулушу 90 пайызга аяктады.
Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Шаарчадагы иштердин жүрүшү менен Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таанышып чыкты.
Облус өкүлү айылдагы коомдун аялуу катмарындагы муктаж, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бул ири долбоордун алкагында курулган социалдык турак жайларда, бардык заманбап шарттар түзүлгөнүн билдирди.
Мында муктаж жарандар үй менен камсыз болуп, жумуш орундары да каралган. Учурда шаарчада 100 орундуу тигүү ишканасын жана нан бышыруучу цехтин курулушу да аяктап калды. Ага катар ФАП, мечит, дүкөн жана кичи футбол аянтчасы да бар. Демилге «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага үч гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. (TB)
Дагы караңыз
Бишкек мэриясынын эки кызматкеринин иши сотко жөнөтүлдүБелгилүү кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев каза болдуОшто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болдуCOVID-19: үч адам каза болуп, вирус 69 кишиден аныкталдыАктивист Мирлан Ураимов эки айга камалдыТажикстанда ооган качкындары үчүн лагер курулатМадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты Араванда “Йакын-Инкар” кыймылынын сегиз мүчөсү кармалды