Бишкек мэриясынын эки кызматкеринин иши сотко жөнөтүлдү

Башкы прокуратуранын имараты.

Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек мэриясынын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” эки кызматкерине карата айыптоо актысын бекитип, ишти Октябрь райондук сотуна жиберди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”, “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен айыпталып жатат.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка ылайык, шектүүлөр автобустардын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акчаны ишкананын кассасынан чыгарып алып турган. Андан “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” 5 млн. 288 миң сом зыян тарткан.

Тергөөдө келтирилген чыгым толугу менен өндүрүлгөнү кабарланды. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болдуCOVID-19: үч адам каза болуп, вирус 69 кишиден аныкталдыАктивист Мирлан Ураимов эки айга камалдыМадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты Араванда “Йакын-Инкар” кыймылынын сегиз мүчөсү кармалдыВикрам Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын билдирдиЖонсон: Европа ондогон жылдардан берки олуттуу кризиске кептелдиМаданият кызматкерлери турак жайга байланыштуу президентке кайрылды