Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-февралда саат 14:44тө Ош облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында төрт балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында үч баллга жеткен.

Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында үч балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында үч балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. (BTo)

Дагы караңыз

Активист Мирлан Ураимов эки айга камалдыМадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты Тажикстанда ооган качкындары үчүн лагер курулатАраванда “Йакын-Инкар” кыймылынын сегиз мүчөсү кармалдыПакистанда мугалим жаратканга акаарат келтирди деп өмүр бою кесилдиВикрам Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын билдирди