9-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында «Бургылау» мунай-сервис компаниясынын жумушчулары иш таштады. Алар компания жетекчилерине ашыкча саат иштегендиги үчүн акы төлөө, иш шарттарын жакшыртуу жана башка бир катар талаптарды коюшту.
Айрым маалыматтарга караганда, акцияга 400-500дөй киши чогулду. Компанияда 2 миңдей киши эмгектенет.
Жумушчулар шаршембиде алар менен директор юристтердин коштоосунда жолукканын, иш таштоону токтотууга көндүрүүгө аракеттенгенин айтып беришти. Жумушчулар аларды коркутуу аракети болгон деп эсептешет.
Алар эскилиги жеткен жабдуулар менен иштешкенин айтышты. Компания өкүлдөрү иш таштоо тууралуу маалыматка комментарий бере элек.
Буга чейин «МАЭК–Казатомпром» ишканасынын миңдей кызматкери бир нече күн маянаны көтөрүүнү талап кылышкан. Кийин нааразылык акциясына KMG-Security ишканасынын жумушчулары чыкты.
Шаардагы жумушсуздар январдын аягынан бери иш менен камсыз кылууну талап кылып келишет.
Дагы караңыз
Бээжин 2022: орусиялык спортчунун кызытма тести күмөн жаратты Зулушев жеке жашоо тууралуу видео текшерилип жатканын билдирди Иранда дагы бир келин мыкаачылык менен өлтүрүлдү "Басма сөзгө кысым көрсөтүү дайыма терс натыйжа берет""Айкөркөмдү октон сактап кала албадым"Рузахунов Алматыдан келгенден кийин ооруканада операция болгонун айтты