"Ысык-Көл" аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды

Кеңейтилген күтүү залы.

Бүгүн, 9-февралда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды. 372 чарчы метр имараттын курулушу былтыр октябрь айында башталган.

Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылыш аземине Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов жана "Манас" эл аралык аба майданынын жетекчиси Бакыт Шаршеев катышты.

Бакыт Шаршеевдин айтымында, 2021-жылы "Ысык-Көл" аба майданында каттамдар 4,3, жүргүнчүлөрдү ташуу 6,9 эсеге өскөн. Буга байланыштуу жаңы күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынган.

"Ысык-Көл" аэропорту Тамчы айылынан беш чакырым алыста жайгашкан. Аэропортко 2003-жылы "эл аралык" макам берилген. (BCh)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Таразда эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар "Медиа Полиси" институту эркин медианы коргоону талап кылган билдирүү тараттыЖаңы-Өзөндө жумушсуздардын нааразылык акциясы уландыДепутаттар парламенттин аппаратынын түзүмүн жабык карап жататЭл артисти Жылдыз Малдыбаеванын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду