Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Депутаттар парламенттин аппаратынын түзүмүн жабык карап жатат


Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйындар залы.

9-февралдагы сессияда депутаттар парламенттин аппаратынын түзүмүн жабык карап жатат.

Маселени жабык кароону “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова сунуштады. Аны 75 депутат колдоп, бирөө каршы болду. Спикер Талант Мамытов бул маселе чарбалык иш экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров былтыр, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жана президенттин Иш башкармалыгын бириктирген. Өлкө башчынын жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган.

VII чакырылыш ишин баштагандан кийин бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өзүнчө болушу керектигин айтышкан. Аны депутаттар муктаждыктарын өз алдынча чече албай калары менен түшүндүрүшкөн.

Садыр Жапаров буга жооп берип, Президенттин иш башкармалыгы бардык бийлик бутагына бирдей кызмат кыларын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG