АКШ “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы лидери жашырынган жер тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сый акы убада кылды.
Мамлекеттик департамент былтыр 26-августта Кабул аэропортунда болгон жардырууга жооптуу адамдарды табууга көмөктөшкөндөргө да 10 миллион доллар берилерин билдирди. Кол салууда бери дегенде 173 киши каза тапкан, арасында америкалык 13 аскер бар болчу.
Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюмунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алган. АКШ уюмдун башчысы Санаулла Гафари экенин аныктаган.
Мамлекеттик департамент аны жана дагы эки кишини былтыр ноябрда глобалдык террорчулардын тизмесине киргизген. Өткөн жумада Пентагон аэропорттогу жардырууну жанкечти ишке ашырганы аныкталганын билдирген.
Кандуу окуя “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин болгон.
Дагы караңыз
Орусияда мигранттарга укуктук жардам берген ишеним телефону ишке кирдиКыргызстан Өзбекстандан электр жарыгын алып бүттүАйнек караңгылатууга уруксат алуунун төлөмү 30-50 миң сом болушу мүмкүнӨзбек-казак чек арасынан курал алып кирүү аракети болгону кабарландыИрандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат