Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Өзбек-казак чек арасынан курал алып кирүү аракети болгону кабарланды


Ферганада колго түшүрүлгөн курал.
Ферганада колго түшүрүлгөн курал.

Ташкент жана Фергана облустарында өзбек бажычылары мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары алып кирүүнү көздөгөндөрдү колго түшүрүштү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитети билдирип, окуя качан болгонун тактаган жок.

Маалыматка караганда, Казакстан менен чек ара бекетинде менчик машинеден бир тапанча, газ тапанчасы жана пневматикалык куралдын октору табылган. Дагы бир бажы бекетинде текшерилген автоунаада пневматикалык тапанча менен 243 даана ок-дары катылган болуп чыкты.

Фергана аэропортунда жүргүнчүнүн жүгүндө аңчылык кылган эки мылтык табылганы айтылды. Учурда бардык фактылар териштирлип жатат.

XS
SM
MD
LG