Ташкент жана Фергана облустарында өзбек бажычылары мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары алып кирүүнү көздөгөндөрдү колго түшүрүштү.
Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитети билдирип, окуя качан болгонун тактаган жок.
Маалыматка караганда, Казакстан менен чек ара бекетинде менчик машинеден бир тапанча, газ тапанчасы жана пневматикалык куралдын октору табылган. Дагы бир бажы бекетинде текшерилген автоунаада пневматикалык тапанча менен 243 даана ок-дары катылган болуп чыкты.
Фергана аэропортунда жүргүнчүнүн жүгүндө аңчылык кылган эки мылтык табылганы айтылды. Учурда бардык фактылар териштирлип жатат.
Дагы караңыз
Кыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда Москвада Макрон менен Путин украин кризисин талкуулады Акыйкатчы институту Жолдубаева боюнча укук коргоо органдарына кайрылды Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук эки эсеге көбөйдүБишкек-Бээжин: убада жана тобокелдик