Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

Москвада Макрон менен Путин украин кризисин талкуулады


Путин менен Макрон. Москва. 7-февраль, 2022-жыл
Путин менен Макрон. Москва. 7-февраль, 2022-жыл

Орусия президенти Владимир Путин француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрондун айрым сунуштары украин кризисин жөнгө салуу багытында алга жылуу үчүн пайдубал болуп бериши ыктымал деп билдирди. Лидерлер дүйшөмбүдө Москвада 5 сааттай сүйлөшүштү. Негизинен сөз Украинанын айланасында жана Москванын НАТОдон талап кылган коопсуздук кепилдиктери тууралуу болду.

Путин Украинанын аскердик блокко кошулуусу кайсы бир учурда Европадагы согушка алып келиши ыктымал деп бир нече жолу кайталады. Президенттин айтымында, НАТО Орусияны душман катары көрөт, Украина ага кире турган болсо жана Крымды кайтаруу аракетин көрсө, анда европалык өлкөлөр да куралдуу жаңжалга кириптер болушу мүмкүн.

Путин “Москва бардык мамлекеттердин кызыкчылыгына дал келген компромисс табуу үчүн болгон аракетин жумшарын” айтты.

Франциянын президенти орус лидеринин көз караштары айрым маселелерде Евробиримдиктин позициясынан айырмаланарын билдирди. Макрон "НАТОнун “ачык эшик” саясаты уюмдун иш алып баруусу үчүн маанилүү, ар бир өлкө блокко мүчө болобу же жокпу, аны өзү чечүүгө укуктуу, жаңы кепилдиктердин үстүнөн эски макулдашуулар аткарылганда гана иштесе болот" деп белгиледи.

Президенттер кризисти чечүү аракеттери күчөгөн маалда кездешти. Шейшембиде Макрон Киевге бармакчы.

Батыш Москва 100 миңден көп жоокерин жана техниканы украин чегине тартуу менен кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деп чочулайт. Кремль андай планы жоктугун айтканы менен, аскерлерин алып кетүү үчүн Батыштан кеңири коопсуздук кепилдиктерин талап кылууда.

Орусия "Украина НАТОго кошулбашы керек" деген шарт койгон.

XS
SM
MD
LG