Акыйкатчы институту блогер Батмакан Жолдубаеванын арызына байланыштуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнө, облустун прокуроруна, ички иштер бөлүмүнүн башчысына жана аймактык оорукананын директоруна кайрылды.
Жолдубаева президенттин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айткан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирди.
Окуя Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары 5-февралда кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Исфана шаарында көчмө жыйын өткөргөн учурда болгон.
Блогер Батмакан Жолдубаева журналист экенин айтып, ал жыйынга катышууга аракет кылган. Алихан Ураимов андан журналисттик күбөлүгүн көрсөтүүнү талап кылып, чогулушка киргизген эмес. Жолдубаева аппарат башчы ага кол көтөргөнүн айтып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасында жатат.
Алихан Ураимов тескерисинче, Батмакан Жолдубаеванын өзүн айыптап, ал бетке чаап, аброюна шек келтирген акаарат сөздөрдү айтканын билдирди.
Баткенде 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында жаңжал чыккан. Тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы мындан көп өтпөй эле тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.
Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын маалымдаган. (BTo)
Дагы караңыз
Депутат "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун текшерүүнү сунуштадыБишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши кыскартылдыСадыр Жапаров Ош базарына бардыАкылбек Жапаров парламенттеги жетекчилер менен ай сайын жолукмай болду Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдө