Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши кыскартылды


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага козголгон кылмыш ишин токтотту. Мындай чечимди райондук сот 25-январда эле чыгарганы белгилүү болду.

Сот отурумунда айыпталуучунун адвокаты жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгонун, андан бери 15 жылдан ашык убакыт өткөнүн айтып жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирген.

Азиз Суракматов күнөөсүн моюнга алаарын, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө түзүлгөн кызматташтык жөнүндө келишимге ылайык 170 млн. сом материалдык зыян төлөгөнүн айткан. Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебинде турган ал акча мамлекеттин кирешесине которулганын билдирди.

Андан тышкары Азиз Суракматовго тиешелүү жоопкерчилиги чектелген дагы эки коом баш-аягы 17 млн. сомдон ашык каражатты бюджетке төктү. Бирок ишканалардын аты айтылган жок.

Азиз Суракматов “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шек саналып 2021-жылдын 26-майында кармалган жана соттун чечими менен камакка алынган. Ал ошол эле жылдын июль айында келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн. сомдун 150 млн. сомун кайтарып берип абактан чыккан.

Азиз Суракматов Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган. 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG