Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги фракция башчылары, комитет жетекчилери менен жолугушту.
7-февралдагы жыйында эл өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү социалдык, экономикалык чечимдердин аткарылышы боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов жыйында Министрлер кабинетине сунуш менен кошо сын пикирлер дагы айтылганын билдирди. Анын айтымында, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагы ай сайын жыйын өткөрүп турууну макулдашты.
Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети иштеп баштаганына 100 күн толду.
Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында айрым депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алган. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.
4-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов жолугуп, парламентте өкмөт өкүлүнүн дарегине айтылган сын дооматты талкуулашкан.
Байсалов "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, алар бул маселеде өз ара түшүнүшкөнүн билдирди жана анын кыргызча маегинин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калганын айткан. (TSh)
Дагы караңыз
Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдөРавшан Жээнбеков карындашы суракка чакырылганын кабарладыДепутат Атамбаев УКМК мыйзамын сынга алды Зулушев прокурорлордун соттук териштирүүлөрүнө катышарын айтты