Сот Даулет Ергожинди камакка алууга уруксат берди

Даулет Ергожин. Архив сүрөт.

Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди камакка алууга санкция берди. Бул тууралуу 7-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Ергожин бул кызматты 2016-жылдын ноябрынан бери аркалап, ушул жылдын январында иштен алынган.

Жыл башында өлкөнүн түндүгүндө тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып, айрым жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон. 6-январда Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси, тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин жакын адамы Карим Масимовдун кызматтан алынганы жарыяланган. Ошол эле күнү ал "мамлекеттик чыккынчылык" үчүн шектелип кармалганы маалым болгон.

13-январда комитет Масимовдун эки орун басары кармалганын, "бийликти басып алууга, кызматынан аша пайдаланууга багытталган аракеттер деп сыпатталган фактылар" боюнча тергөө башталганын билдирген.

Дагы караңыз

Сокулукта сабалган бала Бишкектеги ооруканага которулдуМадумаров жашыруун жаздырылган аудио-видеолордун тарашын сынга алды Жергиликтүү тургундар Хорогдо абал курч экенин айтып, бийлик аны четке кагуудаОшМУ: шайлоодо кызматынан четтетилген декан сотко кайрылды