Жапаровдун Кытайга сапарында алты документке кол коюлду

Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон жумушчу сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча алты документке кол коюлду. Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол кабыл алынды. Эки өлкө маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум кабыл алды.

Садыр Жапаров 3-6-февраль күндөрү Кытайга жумушчу сапары менен барып келди. Анда расмий Бээжин Кыргызстанга коронавируска каршы 5 млн. доза вакцина, 50 млн. юань кайтарымсыз жардам берери белгилүү болду.

Эки өлкөнүн лидерлери 6-февралда жолугуп “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу сүйлөшкөн. (BTo)

Дагы караңыз

Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Сапарбековдун иши сотко өттүНоокенде калайман мушташта бир адам каза болдуКыргызстан үч эле азык менен өзүн-өзү камсыздай алатCOVID-19: үч адам каза болуп, вирус 83 кишиден аныкталдыТоктогул ГЭСинде суунун көлөмү 8,8 млрд. метр кубга төмөндөдүНазарбаевага таандык деген экинчи компания менен келишим токтотулду Пакистанда согушкерлердин чабуулунан үч аскер мерт болду