Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Сапарбековдун иши сотко өттү


Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөө жарыялангандар.
Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөө жарыялангандар.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү Санжар Сапарбековдун иши Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна 10-январда өткөрүп берилгени белгилүү болду. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги (ИИМ) ырастады.

Санжар Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган.

Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге "бул иштин башында турган, буйрук берген" деген айып коюлган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2011-жылы мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын, милициянын жана чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги жана катардагы 17 кызматкери жоопко тартылган.(BTo)

XS
SM
MD
LG