Кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат

Бишкектеги парламенттик шайлоо учуру.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, бүгүн 5-февралга карата Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди.

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды. Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (BCh)

Дагы караңыз

Чүй: балыктардын табышмактуу кырылышыКечки Азаттык (1-чыгарылыш)Садыр Жапаров Бээжинде бир катар лидерлерге жолуктуЗомбулук айлампасы: ур-токмокко чыдаган аялдарПрезиденттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулукта сабалган балага барды