Эрдоганга коронавирустун жаңы штаммы жукканы кабарланды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда расмий сапары менен Украинага барган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын ПЧР-тести коронавирустун "омикрон" штаммы жукканын көрсөткөнүн Твиттерден кабарлады.

67 жаштагы Эрдогандын саламаттыгы учурда туруктуу экени кабарланды. Түрк президентинин Киевге расмий сапары 4-февралда аяктаган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 111 157 кишиге жетти. 248 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 1-февралда Түркияда вирустан өлгөндөр 85 600 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар он миллиондон ашты. (ElB)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Бээжинде бир катар лидерлерге жолуктуПрезиденттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулукта сабалган балага бардыАба ырайы: Аймактарда кар жаайт