"Мемориал" Орусиянын Жогорку сотуна кайрылды

Эл аралык тарыхый-агартуучу "Мемориал" уюму.

Эл аралык тарыхый-агартуучу "Мемориал" уюму Орусиянын Жогорку сотуна уюмду жоюу боюнча чечимди токтотуу арызы менен кайрылды.

Арыз Жогорку сотто 28-февралда каралат. Бул тууралуу "Мемориал" уюмунун расмий сайтына маалымат чыкты.

Уюмдун юристтери Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядан “Мемориал” уюмун жабуу тууралуу соттук чечимдерди аткарууну токтото турууну талап кылганын жүйө келтирүүдө.

Орусиянын Башкы прокуратурасы уюм чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап-жашырып келген деп Жогорку сотко кайрылган. Жогорку сот 2021-жылдын 28-декабрында "Мемориал" уюмун жабуу чечимин кабыл алган. Соттун пикиринде, "Мемориал" уюму коомдук бирикмелердин конституциялык теңдик принцибин бузган.

"Мемориалдын" жабылуусуна СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев, Нобел сыйлыгынын лауреаттары каршы чыгып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

Соттордун соңку чечими Батыш өкмөттөрүнүн, укук коргоочу активисттердин катуу сынына кабылды.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Дагы караңыз

Кышкы Олимпиада: жасалма кар жана чектөөлөрКыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?Алматыда акимдерди шайлоо жолу менен тандоону талап кылган митинг өтүүдөМинистрлик: Травматология борборун жоюу мыйзам чегинде ишке ашууда