Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 4-февралда Бээжинде башталган Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Бээжин улуттук стадионунда өттү.

Ачылыш аземдеги парадда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкөнүн туусун көтөрүп өттү.

Президент Садыр Жапаров Кытайда иш сапары менен жүрөт.

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.

Пандемиялык шартка байланыштуу Олимп оюндарынын иш-чаралары спортчулар менен жергиликтүү тургундар менен карым-катыш кылуусуна чектөө коюлду. Аэропорт, спорт объектилеринде, пресс-борборлор жана олимпиадалык айылдар да тосмолонгон. (BCh)

Дагы караңыз

Коронавирустан үч адам көз жумду, 162 жаңы учур катталдыСокулукта эки жаштагы баланы сабоого шектүү адам кармалдыПарламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө