Качкындардын өлүмү. Түркия менен Грекия бири-бирин айыптады

Түркия менен Грекиянын чек арасында кийимин кургатып отурган оогандык качкын.

Түркиялык куткаруучулар Грекия менен чек арага жакын жерде сууктан тоңуп өлгөн он тогуз мигранттын сөөгүн тапты. Анкара бул окуяга Грекияны күнөөлөп, "алсыз жана ырайымсыз" деп сыпаттаган. Ал эми Афины "мындай билдирүү негизсиз" деп жооп кайтарды.

Түркиянын батышындагы Эдирне аймагынын жергиликтүү бийлиги 2-февралда Түркиядан Грекияга мыйзамсыз өтүп бараткан 24 иммигрант кайра артка жөнөтүлүп, чек арада 19у тоңуп каза болгонун "Твиттерден" кабарлады.

Алгач түрк чек арачылары тогуз качкындын сөөгүн тапкан. Кийин алардын саны 19гa жетти. Алар жылаңаяк, жука кийим менен талаада тоңуп, көз жумганы айтылууда. Губернаторлуктун кызматкерлери аймакты тыкыр текшерип дагы эки качкынды ооруканага жеткирген.

Эдирне аймагынын жетекчилиги учурда иммигранттарды куткаруу үчүн жандармерия, чек ара бөлүмдөрү иштеп жатканын, бул окуя боюнча полиция тергөө ишин баштаганын маалымдады.

Президент Режеп Тайып Эрдоган бейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Грекия менен Евробиримдикти сынга алды.

"Ал жердеги 12 адамдын өлүмү оңой-олтоң нерсе эмес. Бирок, Грекиянын мындай аракетин биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Деңиздеги кайыктарды чөктүрүп, андагы адамдар өлгөн учурлар катталган. Грекиянын карапайым элге карата мамилеси абдан маанилүү. Тилекке каршы, Европа Биримдиги бул маселе боюнча ар дайым унчукпайт, дүйнө унчукпайт жана алар мурун берген сөзүнө турат деп да ишене албайм".

Сулейман Сойлу.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу грекиялык чек арачыларды "мигранттарды өткөрбөй, алардын бут кийимдерин чечип алып кайра артка жиберген" деп айыптады. Министр "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө, мигранттар кайсы мамлекеттен экенин жазган эмес.

Ал эми бул окуя боюнча Грекиянын миграция министри Нотис Миттаракис качкындардын Грекиядан Түркияга сүрүлүп чыккандан кийин каза болгондугу жөнүндөгү билдирүүлөрдү "негизсиз" деп мүнөздөдү.

"Алар эч качан чек арага чейин барышкан эмес. Түркия негизсиз дооматтарды четке кагуунун ордуна, бул "кооптуу сапарларга" аттангандардын жолун тосуп өз милдеттенмелерин аткарышы керек", - деп грек министри "Твиттерде" жазды.

Эл аралык миграция уюмунун басма сөз катчысы Сафа Мшехли чек арада качкындарды күч менен кайра артка кайтаруу ыкмасы кооптуу экенин, түрк-грек чек арасындагы окуя боюнча тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирди.

"Европанын айрым чек араларында жана дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүндө иммиграцияда жүргөн адамдарды сүрүп чыгаруу сыяктуу көрүнүштөр көбөйүп жатат. Алар иликтенип, чара көрүлүшү керек. Биз эл аралык мыйзамдарга ылайык мындай тажрыйбага тыюу салынганын жана негизсиз жасалбашы керектигин дагы бир жолу эскертебиз", - деди Мшехли.

Ал эми БУУнун Адам укуктары комитети чек арада тоңуп өлгөн качкындар тууралуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз Түркия: качкындарга каршы чагымдар күчөдү

2020-жылы жазында Түркия менен Грекиянын чек арасына жүздөгөн мигрант чогулуп, Евробиримдиктин аймагына өтүүгө аракет кылган. Грек полициясы аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп токтоткон.

Түркия буга чейин мекенинен качып чыккан сириялыктарды аймагында кармай албай турганын, Европаны карай эшигин ачарын билдирген эле.

Мындан беш жыл мурун Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунаса тапкан. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарга өз аймагында убактылуу башпаанек берип, Батышка өткөрбөй турууга убада берген. Евробиримдик бул үчүн каржылык жардам бермек. Бирок, түрк президенти Батышты "убадасын аткарган жок" деп айыптап келет.

Түркиянын Миграция департаментинин 2021-жылга берген статистикасына ылайык, учурда бул өлкөдө 3 миллион 600 миңден ачык качкын баш калкалайт. Алардын дээрлик көпчүлүгү Ооганстандын, Ирандын жана Ирактын жарандары.