Кыргызстандын Түркиянын Анталия шаарындагы башкы консулу болуп Рустам Кошонов дайындалды. Президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгы расмий жарыяланды.
Кошонов буга чейин Тышкы иштер министрлигинде ар кыл кызматтарда иштеген, министрликтин протокол департаментин жетектеген.
Анталия шаарындагы консулдук 2021-жылы октябрь айында президенттин буйругу менен негизделген.
Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат. (МТа)
Дагы караңыз
Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп дайындалдыУКМК: санариптештирүүдө ири коррупциялык факты аныкталдыЖогорку Кеңеште Эдил Байсаловду тартипке чакыруу маселеси көтөрүлдү Байсалов аны тартипке салууну талап кылган депутаттарга жооп кайтарды