Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Байсалов аны тартипке салууну талап кылган депутаттарга жооп кайтарды


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңеште аны сындаган, тартипке салууну жана чара көрүүнү талап кылган депутаттарга жооп кайтарды.

"Менин дарегиме сын айткан депутаттарыбыздын көбү жаңы Конституция менен жашап жатканыбызды түшүнө электей. Бир да мамлекетте, демократиясында да, коңшуларда да жума сайын жалпы жыйында чукул талкуу өткөрүлбөйт. Мен ошону айтайын дегем", - деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына.

Мунун алдында, Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алган. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.

Депутат Исхак Масалиев да кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын, Байсаловго чара колдонулушу керектигин айткан.


Депутаттардын сунушу менен спикер Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жагдайды териштирип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилишин суранды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратына протоколдук тапшырма берди.

Эдил Байсалов 2-февралда "Марал FM" радиосуна курган маегинде Жогорку Кеңеш, депутаттар тууралуу пикирин билдирген.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы болуп былтыр октябрда дайындалган.

XS
SM
MD
LG