Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп дайындалды

Өмүрбек Текебаев.

Президент Садыр Жапаров "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кылып дайындады. Тийиштүү жарлык президенттин сайтында жарыяланды.

Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев кызматынан бошотулду. Ал элчи болуп 2020-жылы июль айында дайындалган.

Текебаевге Германиядан агреман 2021-жылы август айында келгени белгилүү болду. Саясатчы буга чейин элчиликке барар-барбасы тууралуу так пикирин айтпай келген.

Өмүрбек Текебаевдин элчиликке талапкерлиги парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизилген жок. Буга чейин президенттин басма сөз кызматы жаңы Баш мыйзамга ылайык, президент элчилерди тармактык комитеттин кароосуз дайындай аларын билдирген.

Текебаев 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясын баштап барган. Партия 5% босого чектен өткөн эмес.

Белгилүү оппозициялык саясатчы парламенттин алты чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон. (МТа)

Дагы караңыз

Байсалов аны тартипке салууну талап кылган депутаттарга жооп кайтарды Токаев тополоңдон кийин бийлигин чыңдадыМинистрлер кабинети Баткенде көчмө жыйын өткөрөт Кыргызстан: 2022-жыл Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды