Парламент Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду

Замирбек Базарбеков жана Эмил Өскөнбаев.

Парламент 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды.

Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Бүгүнкү жыйында депутаттар Нургүл Бакированын Жогорку соттун төрайымы, Карыбек Дүйшеевдин Конституциялык палатанын төрагасы кызматынан өз эрки менен кетүү тууралуу арыздарын канааттандырган.

Замирбек Базарбеков жыйында Садыр Жапаровго 2016-жылдан кийин адвокат болгонун билдирди. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Былтыр июнда Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган. (МТа)

Дагы караңыз Сот бийлигин колго алган эки юристтин таржымалы

Дагы караңыз

Тажик мигранттарынын лидери Орусиядан экстрадиция болду Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси толукталдыБазарбеков: оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтошу керек Борбор Азиядагы энергетикалык абалдын криптовалютага таасири