Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Тажик мигранттарынын лидери Орусиядан экстрадиция болду


Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон. Архивдик сүрөт.
Тажикстандын Башкы прокурору Юсуф Рахмон. Архивдик сүрөт.

Тажик бийлиги Орусиядагы мигранттардын лидери Амироддин Аловатшоев мекенине экстрадицияланганын моюнга алды. Башкы прокурор Юсуф Рахмон 2-февралда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында билдиргендей, мигрант Тажикстандын өтүнүчү менен мекенине кайтарылган.

Ал экстрадиция өтүнүчү кылмыш ишинин алкагында келтирилгенин кошумчалап, анын чоо-жайын айткан жок.

Аловатшоевдин Тоолуу Бадахшанда жашаган үй-бүлөсү 11-январдан бери андан кабар жоктугун айтып келишкен. Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары аны Орусияда “уурдап” кетишкенин, 13-январда экстрадицияланганын жаза баштаган. Тажик бийлиги муну четке каккан.

Ички иштер министрлиги Аловатшоев издөө салынган адамдардын тизмесинде экенин “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген.

Ошол кезде былтыр ноябрда Тоолуу Бадахшан облусундагы демонстрацияларды тергөө башталган. Хорогдогу төрт күндүк акцияларда үч киши мерт кеткен, 17си жаракат алган.

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында да аймактан чыккан мигранттар чогулуп, тилектештигин билдиришкен. Арасында Аловатшоев да жүргөнү маалымдалган.

Хорогдо 10-январда өткөн жыйында расмий адамдардын бири Аловатшоев сыртта туруп алып, Тоолуу Бадахшандагы жаштарды өкмөткө каршы митингдерге "тукуруп жатат" деп айыптаган.

2015-жылдан бери Орусияда тажикстандык активисттер, оппозициянын колдоочуларынын арасынан кеминде 15 киши дайынсыз жоголгон. Айрымдары мекенинде түрдүү айыптар менен камалган болуп чыкса, кээ бирлер ошол бойдон дайынсыз.

XS
SM
MD
LG