Түркия: коронавирус бир суткада 100 миң кишиден аныкталды

Анкара шаары. 2021-жыл.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 1-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 102 601 кишиге жетти. 198 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден "вакцинациянын мааниси чоң экенин, өзгөчө жергиликтүү Turkovac вакцинасын ишенимдүүлүгүн" баса белгиледи.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатат.

15-январдан баштап Түркияга чет өлкөдөн турист катары келген жарандар да акы төлөп вакцина сайдырууга уруксат берилген. Эки доза вакцинанын акысы 30 доллардын тегерегинде экени кабарланды.

1-февралга карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 84% вакцинанын эки дозасын алган.

Былтыр апрель-май айларында Түркияда инфекция күчөп, анын кесепетинен июнда түрк бийлиги үч жумалык толук карантин жарыялаган. Ал эми 1-июлдан баштап өлкөдө коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Бирок коомдук жайларда жана транспорттордо беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилген.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 1-февралда Түркияда вирустан өлгөндөр 85 600 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар он миллиондон ашты. (ElB)

Дагы караңыз

COVID-19: беш бейтап каза болду Жамгыр: эки адамдын өлүмү менен аяктаган кырсыкты комиссия иликтеп жатат "Болотгейт": Журналисттер коопсуздугуна тынчсызданатБлинкен Украина жактан аскерлерин алып кетүүгө Орусияны чакырды