Ала-Букада алтын казган компанияны карактоого шектүү топ кармалды

Ала-Бука району.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Ала-Бука районунда алтын казган компанияны тоноого шек саналып үч адам колго түшкөнүн билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, окуя былтыр 12-ноябрга караган түнү болгон. Анда беткап, мээлей кийген белгисиз адамдар компаниянын кызматкерлерин, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандарды уруп-сабап, 20 миң сомун, сейфте сакталып турган эки килограммдай алтынды алып кетишкен. Ошондой эле короодо турган машинелерди талкалашкан.

Тергөөдө материалдык чыгымдын көлөмү 10 миллион сомдон ашты деп эсептелген. Учурда тергеп-иликтөө уланууда.

Милиция кайсы компания каракталганы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан кен казууга 500гө чукул лицензия берилген. Учурда аймакта алты компания алтын казып жатат. (TB)

Дагы караңыз

№39 протокол: Ворухка жол салуунун талаштуу жагы Түркияда кыргыз келинге кол салууга шектүү кармалды Бээжин Олимпиадасына барган атлеттерди коронавирус тооруду Казак бийлиги кандуу окуяларды өз алдынча иликтейт“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”