Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде аялын токмоктогон жаран жети күнгө камакка алынды. Аны шаардагы Ленин райондук соту Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле анын аялына милиция коргоо ордерин берди.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, бул маалымат 30-январда түнкү саат 11лер чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тартканы менен милиция бул окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген.
Анын алдында социалдык тармактарда күйөсүнүн арачалагандарга баш бербей, аялы жыгылып калганына карабай башка-көзгө тепкилеп, сабап жатканы тартылган видео тараган.
Аялын, жанындагы өнөктөшүн коомдук жайларда, көчөдө сабаган учурлар буга чейин дагы катталган.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.
Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.
Дагы караңыз
Казак бийлиги кандуу окуяларды өз алдынча иликтейт“Акаевге аз добуш алып бердиң деп кызматтан алышкан”Акталган жана соттолгон саясатчыларАйыл чарба кооперативин түзүүнүн күңгөй-тескейи"Швецияда швед тилинен сабак берем". Журтташтар