Түркмөнстанда аксакалдар жаштарды өкмөткө каршы маалыматтардан оолак болууга чакырды

Түркмөн аксакалдары. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Түркмөнстандын Мары облусунда аксакалдар жаштарды өкмөткө каршы маалыматтардан оолак болуп, аларды окубоого чакырышты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы жогорку класстардын окуучуларына жана студенттерге таянып жазды.

"Аксакалдар менен жолугушуулар дээрлик күн сайын мектептердин бириндеги залдарда өтөт. Алар студенттерге "өлкөнүн гүлдөшүнө ишенерин, Интернетте президентти каралап жаткан адамдар бар экенин" айтышат", - деди жыйынга катышкан окуучулардын бири.

Түркмөнстанда аксакалдар мамлекеттик пропаганданын бир бөлүгүнө айланганына көп болду.

Окуучулардын айтымында, аксакалдар ошондой эле президент Гурбангулы Бердымухамедовду "падыша" деп аташат.

"Биздин динде падышанын беделине доо кетирүү чоң күнөө деп эсептелет. Ал ажылыкка барып келген. Ошондуктан ал биздин улуу ажы президент", - деген жашы өтүп калган Марынын тургундарынын бири.

Жыл башынан бери Түркмөнстанда маалыматты көз карандысыз булактардан алууга аракет кылган жарандардын үстүнөн көзөмөлдү күчөткөн. Ошону менен катар Интернетти көзөмөлдөө да күч алды. Тартип коргоо органдарындагы өз булактар "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына билдиргендей, бийлик "Казакстандагы окуялардан кийин бийликке каршы көтөрүлүштөрдөн кооптонуп турушат".

Дагы караңыз

Кыргызстанда түрк жаранын уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалдыБишкекте бир күндө сегиз автоунаа күйүп кетти Ташиев: инимдин мандаты тууралуу маселени шайлоочулар, фракция чечетТүндүк Корея Америкага жете турган баллистикалык ракетасын сынаганын ырастады