Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкекте бир күндө сегиз автоунаа күйүп кетти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарында бир суткада сегиз автоунаа өрттөнгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө беш өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда унаалардын өрттөнүшүнө кандай себеп болгону такталууда. Автоунаалардын өрттөнүшүнө байланыштуу ӨКМ айдоочуларга тиешелүү эрежелерди сунуштады. Маалыматта автоунаа тез күйүүчү буюмдардан турары эскертилип, айдоочуларды өрт тутанган учурда 90 секунд ичинде машинени таштап кетүүгө чакырды.

"Автоунаа 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда, аны дароо таштап чыкканга шашылыңыз. Күйүп жаткан машинеден 10-15 метр аралыкка чейин кетүү зарыл. Өрттүн келип чыгышы эң алды менен айдоочудан көз каранды. Андыктан, дайым унааңыздын абалын дыкат карап, бузулган жери болсо адистерге оңдотуңуз жана автоунаа ичинде сөзсүз өрт өчүргүч болушун камсыздаңыз. Эң натыйжалуу өрт өчүргүч бул – күлмайда (порошок) түрүндөгүсү болуп саналат. Аталган өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча, чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө натыйжалуу", - деп белгиленет министрлик тараткан маалыматта.

Адистер өрт өчүргүч каражатын атайы адистештирилген дүкөндөн сатып алууну, алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруу сунушталат.

XS
SM
MD
LG